Өкмөткө дыйкандардын өстүргөн өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагына чыгаруу боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди
Жогорку Кеңештин жыйынында кечээ, 13-апрелде өкмөткө дыйкандардын өстүргөн өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагына чыгаруу боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда “Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча өкмөткө тапшырма берүү жөнүндө" токтом кабыл алынды.
“Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, айрыкча айыл чарба азыктарын өндүргөн дыйкандарга түшүмдөрүн Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө сатуусуна жардам берүү керек экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















