super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалдагы шыбагы түшкөн үйдүн жашоочулары курулуштун сапатынан шек санай баштады

 

12-апрелде катуу шамалдан улам Бишкектин Жал кичи районундагы жаңы салынган үйдүн шыбагы кулап кеткенин колдонуучу "Элдик кабарга" билдирген. 9 кабаттуу үйдүн шыбагы унаанын үстүнө түшүп, унаа жараксыз абалга келген.

Үйдүн ичиндеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан курулушчулар унаанын ээси үйдүн ээси менен өз алдынча "сүйлөшүп" алгандыгын айтышат. Үйдөгү батирлерге өткөн жылдан тартып жашоочулар көчүп келип жашай башташкан.

"Бул жаңы эле салынган үй, 2 бөлмөлүү батир сатып алып көчүп келгенбиз. Минтип шыбагы түшүп, баарыбызды чочулатып жатат. Бул убакыт өткөн сайын кандай абалда болот ким билет?" - дейт андагы жашоочу Гүлмира Исмаилова. Жашоочулардын арасында батирлерин кайра сатууну көздөгөндөр да бар.

"Дагы жакшы шыбак адамдын үстүнө түшкөн жок, Кудай чоң сактады. Азыркы курулуп жаткан "элиталык" делген үйлөр кооз көрүнөт, бирок абдан бат курулуп бүтөт. Мындай тез убакыттын ичинде сапаттуу үй куруу мүмкүн экенинен шегим бар", - деди бул райондун тургуну Борис Сорокин.

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын башкы инспектору Шараф Ачилдиев үйдү калыбына келтирүү жөнүндөгү бардык чаралар көрүлө турганын билдирди.

"Азыркы учурда үйдүн курулуш абалын текшерүү иштери жүрүп жатат. Нормаларга ылайыктоо тапшырмасы берилет. Эгер бул абал калыбына келтирилбесе, дагы нормалар бузулган учур кайталанса, үйдү курууга жана пайдаланууга берүүгө лицензия берген Мамлекеттик курулуш агенттигине лицензияны токтотуу сунушун жөнөтөбүз. Үйдү курган курулуш ишканасы менимче, "Омега строй" деп аталат", - дейт Шараф Ачилдиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.04.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ мен кунуго балабакчага кызымды алып барган жолго. Мы на суроттун артында ак здания балабакча Бул жаткан коп Киши отот балабакчага.Опасно карагыла УМС Мэрия. Архитектура.
14.04.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эптемей колдон откучо, ээсине жеткиче болуптурда бул жагы. Элдердин коопсуздугун да ойлошпойт экен бул курулуш компания.
14.04.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Лицензияны кандай беришет талапка жооп бербесе??азыр салвеып буто электе тушсо билбейм анда 5 кабат уйлор 40 жылдан ашты салынганы кулап калбайбы??
14.04.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Albette sapaty nachar da azyrky uilor but biznesmenderdiki sapaty nacharyraagyn arzanyn alyp pribyl korush kerek da , SSSR din ubagynda uilor sapattu salynchu azyrkylar menen salyshtyryp bolboit
16.04.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Домдун сырты бул фасатчик балдардын куносуго деп ойлойм колунан келбегенида барып иштешет таныш аркылуу
17.04.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кайсы фирма экенин жазып койбойсунарбы!!! Билбей алып алып карапайым эле жабыркабасын. Же фирма да суйлошуп койдубу сиздер менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: