super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы "жөнөкөйлөтүлгөн меню" иштелип чыкты

 

Казакстандын Актөбө облусунун имамдары аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы "жөнөкөйлөтүлгөн меню" иштеп чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кечээ, 13-апрелде жазып чыгышты.

Менюну бекитерден мурун жергиликтүү тургундардын арасында сурамжылоо өткөрүлгөн. Ага жалпы миӊден ашуун адам катышып, алардын 85 пайызы аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы экендиктерин билдиришкен.

"Майрамдоо жөнүндө сөз болуп жатканда элдин кубанычы, жайылган дасторкон көзгө тартылат. Ал эми каза болгон адамды акыркы сапарга узатууда мындай дасторкон жайган болбойт. Биринчиден, бардык эле адамдар экономикалык жактан дасторконду толтурганга шарты жок. Экинчиден, аш берүүнү майрамдоонун белгилери менен өткөргөн жагымсыз көрүнөт. Бардык диний эрежелерге ылайык ысырапкорчулукка жол берилбейт", - деген Актөбө борбордук мечитинин аксакалы Ахан Бекежан.

Жаңы менюга ылайык, облустук мечиттин алдындагы ашканада 100 кишинин чыгымы 170 миң теңгени (550 доллардын тегереги) түзөт. Анын 105 миңи азык-түлүк сатып алууга жумшалса, калганы ашкана кызматкерлерине берилет. Эрежеге ылайык, аш берүүдө стол жөнөкөй, жеткиликтүү баада жасалышы шарт. Анда мейиз, кургатылган өрүк, талкан, курут, таттуулар жана ысык тамактан эт болушу керек.

Учурда бул менюну жергиликтүү ресторандар менен кафелерге таркатуу мерчемделүүдө. Андан сырткары облустагы имамдарга ысырапкорчулуктун зыян экендиги тууралуу калк арасында диний үгүттөрдү күчөтүү тапшырылган.

Кыргыз жергесинде да аш берүүдө ысырапкорчулук кылуу салтка айланган адат. Адам каза болгондон тарта бир нече ирет аза күтүлөт: үчилик, жетилик, кыркылык, жылдык аш жана башкалар. Ар биринде мал союлуп, жыртыш таратылат.

Эскерте кетсек, Аида Салянова чиновниктердин тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган, бирок ал биринчи окуудан өтпөй калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
14.04.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура ысырапкорчулуктун кереги жок..момо жемиш,нандын турлору койулса эле болот го..анан эт тартылат созсуз мал союулат ашка...
14.04.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде дагы ушул маселени которушсо...Чынында ошондой да.Акчасы аздар аш откором деп кредитке да олтургандар бар.Анан айлап-жылдап толойт аны.
14.04.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
казактар жакшы колдоптур,а бизде Чубак ажы ысырапкерчиликти жоелу десе,сразу жаман корушот,бул ата бабадан келген салт да деп.Ошондо биз кыргыздар артка карап онугобузбу?
meni_kut түзөттү 2017-04-14 13:47:13
14.04.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысырап бул адал жолдон арам жолго отуу дегенди тушундурот.Ошону дагын билип койгула момун мусулмандар.Ысырап бир эле тойдо чачып тогуу эле эмес.Мисалыга айтып кетсем Россияда кыштын кунундо орусстар иттерине жылуу кийим жада калса пут кийимди дагын кийгизип коюшат экен бул дагын туугандар ысырапкерчиликке кошулат.Кээбир саркечтердин(модага кызыккандар) ошончолук кийимдери коп экен гардеробтору бир комнатаны ээлейт экен бул дагын ысырапкерчилике кошулат.
KGstan1981 түзөттү 2017-04-14 14:03:08
14.04.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысырапкерчилик айрыкча биздин кыз келиндерибизге дагын тийиштуу.Дамский сумкаларын карасан толтура порфюмерия.Бир жаны кийим мода б-п чыкса эле шопинг этишип сатып алышат.Жогоруда жазып кеткенимдей гардеробтору бир комнатаны ээлешет.Акыретте ошол ашыкча кийиминерге дагын жооп сурак бересинер.
14.04.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,куйосу жакшы тапса алып беретда
14.04.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady.girl7997,Кээде жигит тоо минет,кээде жигит жоо журот.
14.04.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысырапкерлик бизде да ото чон маселе. Муну мамлекеттик денгээлде чечиш керек. Элге койсон бири укса бири укпай журо беришет.
14.04.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде дагы ысырапкерчиликке чектоо коюлса жакшы болоор эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: