super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Байтик баатыр көчөсүндө оодарылып кеткен маршруттук таксидеги 8-класстын окуучусунун баш мээси чайкалганы аныкталды

 

Кечээ, 16-апрелде Бишкектеги Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан маршруттук таксинин жүргүнчүсү №64-мектеп гимназиясынын 8-классында окуган Дастан Турусбеков баш мээсинен жабыркаган. Ал Сокулуктан ата-энесиникинен келе жаткан.

"Азыр кайсы авария болбосун, маршруттук такси катышкан болот. Мен деле мурун маршруттук такси айдагам. Шаарда жүргөн маршруттук таксилерге каттамга чыгарда ылдамдыкка чектөө коюп коюшса болбойбу? Уулума чалсам, "баары жакшы" дей берди, бир маалда башка бирөө телефонду алып, кырсык болгонун айтты. Дароо уулума келдим", - дейт Дастандын атасы Кубанычбек Байсариев.

Дастан Турусбековдун ашказаны, башы ооруп, көңүлү айланып жатканы маалым болду. Ал эми дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын билдиришти.

Эскерте кетсек, маршруттук таксинин айдоочусу оор жаракат алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын баарыбызды. 10 сомдон калып калдык деп жарышып айдашат. Маршруттук таксилерди алып эле салыш керек, ордуна автобус, троллейбустарды 5-10 мүнөт сайын жүргүзүп коюу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: