super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИИМ: "Балыкчыдагы мектеп окуучуларынын белгисиз газга ууланышы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды"

 

Балыкчыдагы мектеп окуучуларынын белгисиз газга ууланышы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азырынча окуянын келип чыгуу себептери так аныктала элек.

"Бир канча версиялар бар. Алдын ала маалымат боюнча, мектеп окуучулары ачуу (перцовый) аэрозолго ууланышы мүмкүн. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындылды. Эгер аэрозолго ууланышса, анда кимдир бирөө мектепке чачып кеткен. Азыркы тапта кызматкерлер иштеп жатышат", - деп билдиришти ИИМден.

Ачуу аэрозоль көбүнчө өзүн-өзү коргоодо колдонулат. Аны сатуу айрым өлкөлөрдө ээн эркин жүргүзүлсө, айрымдарында тыюу салынган. Кыргыз Республикасында ачуу аэрозолду сатууга эч кандай чектөө коюлган эмес.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрель күнү саат 10:35 чамасында Балыкчы шаарындагы №3-мектептин окуучулары белгисиз газга ууланышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, "Тез жардам" кызматы аркылуу 5 окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилсе, дагы 5 окуучу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан 2 мугалимге жана 2 окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: