super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: Мындан 103 жыл мурун тажик жазуучусу Фатех Ниязи төрөлгөн

 

Мындан 103 жыл мурун тажик жазуучусу Фатех Ниязи Самарканд шаарында төрөлгөн. Ал 1929-жылы Самарканддагы педагогикалык техникумду аяктап, ошол эле жылы педагогикалык академияга тапшырган. Ал жакта окуп жүрүп "Ленин юли" гезитинде иштеген. Андан соң "Хакикати Узбекистан" гезитинде кабарчы болуп иштеп, 1934-жылы Дүйшөмбүдөгү "Газетаи муаллимон" жана "Точикистони сурх" гезиттеринин жооптуу катчысы болгон.

1941-жылы өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө кетип, фронтто да кабарчылыкты калтырган эмес. Согуштан кийин "Фрунзевец" гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп, аны менен катар Ташкенттеги Мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетинде окуган. Чыгармачылыкка баш-оту менен 1979-жылдан баштап киришкен.

Бирок 1930-жылдарда эле ыр жаза баштап, 1933-жылдан тартып "Маяк", "Күндүн ырлары" ("Песни дня"), "Сүйүү" ("Любовь") жана башка ыр жыйнактары чыккан. Андан соң арты-артынан аңгеме, романдары жарык көргөн.

18-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: