super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат көп балалуу эненин бир баласы соттолсо, "Баатыр эне" сыйлыгы берилбегени туура эмес экенин айтты

 

Бүгүн, 19-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутат Кожобек Рыспаев көп балалуу эненин бир баласы соттолсо, "Баатыр эне" сыйлыгы берилбегени туура эмес экенин айтты. Бул боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ою кандай экенин сурады. “Эне 7 бала төрөп жатканда “зэк” же министр төрөйм дебейт да. Министрликтин бул тууралуу ою кандай? Наам бербеш керекпи?” - деп сурады.

Ал учурда министрдин орун басары Лунара Мамытова мамлекеттик сыйлыкты аталган министрлик бербей турганын белгиледи. Анын айтымында, жакын арада Жогорку Кеңешке Юстиция министрлиги тарабынан ушул боюнча мыйзам долбоору келет.

Парламенттеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев бул боюнча Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорунда "балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобону алып салгандарын эскертти.

Эске салсак, 2016-жылы 29-июнда парламентте аталган мыйзам долбоору жактырылган. Бирок депутаттар бир баласы соттолгон энеге орден берилбей турганына каршы чыгышып, добуш берүү аркылуу бул жобону алып салышкан.

Учурда “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Анда аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичиндеги пенсионер аялдарга карата тиешелүү кошумчаны төлөп берүү жөнүндө ченемди жайылтуу сунушталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.04.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура, байкуш эне 7 баланы тороп чонойтсо. Анан бир жаман баласы учун эненин зор эмгеги бааланбай калбашы керек. Баланы эне торойт, бирок, кылык-жоругун кошо торобойт да. Эки же андан ашык баласы соттолсо тарбиясынан деп айтканга туура болот.
19.04.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энелердин айыбы жок баласы соттолсо. Бала тороп чонойткондор эле билет кандай азап мн бала чонойтконун. Ал мыйзамды бир жери ооруп бала торобогон бироо сунуштап жатат да
19.04.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жала доо менен канчасы соттолуп кетти.аларга ким күнөөлүү.ушуларды да туура караш керекта.озун чонтогун ойлой бербестен.кыргызстандын 40 % проценти соттолгон. Буларды атка минерлер канчасы патцтава кылып соттотду.туурамес чечим чыгарган адам озу соттолуп кетсин.ошондо сезет эне эмне экенин.эненин балекетин алгыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: