super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы министрлерге кайрадан курууга жана оңдоого муктаж болгон объекттердин тизмесин карап чыгууну тапшырды

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде өлкөдөгү социалдык маанидеги объекттердин курулуш жана реконструкция маселесине байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бул бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча 2017-жылы курулуш жана ремонт үчүн социалдык маанидеги объекттердин артыкчылыктуу тизмесин аныктоо үчүн зарыл экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, быйыл төрт ири ирригациялык долбоорду ишке ашыруу, Ысык-Көл облусунда билим берүү тармагынын кызматкерлерине пансионат куруу, Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданын модернизациялоо, өлкөдөгү бардык авариялык абалдагы мектептердин курулуш иштерин аягына чыгаруу жана стратегиялык маанидеги ички жолдорду реконструкциялоо иштери аткарылат.

Премьер-министр тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине 2017-жылы биринчи кезекте курулуш жана оңдоого муктаж болгон объекттердин тизмегин аныктоону тапшырды.

Каржы министрлигине жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга убагында каражат бөлүү милдети коюлду.

Жыйынга Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.04.2017. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ондоого аябай муктаж Каракол шаарынын центальный жолдорун да кошуп койсонор улуу урматтуу Сооронбай Жээнбеков..Караколго жайы кышы эс алууга туристер коп келет уят эле кышкысын мейли кар тушуп жолдун жыртыгы корунбойт, а азырчы жоо киши басса кыйналып кетет центральный кочодон.же асфальтын кырып салгыла туздоп хотья шагыл тогуп койсотуз журот элек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: