super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Төө-Ашуудагы тоннелден өтүү үчүн акча төлөө эми электрондук шлагбаумдар аркылуу жүргүзүлөт

 

"Бишкек-Ош жолдорундагы тоннелдик кызмат жана тараза көзөмөл постторуна электрондук шлагбаумдар орнотулат. Мындай аракеттер айрым жарандардын сүйлөшүүлөр аркылуу же кайсы бир кызматтык абалын пайдаланып акча төлөбөй өтүп кетүүсүн жоёт", - деди жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 20-апрелде.

Анын айтымында, алгач Сосновка айылындагы бекетке электрондук шлагбаум орнотулат.

"Биз иш алып барууда адамдык факторлордон арылбасак жылыш болбойт. Күч түзүмдөрүбү, Коргоо министрлигинин өкүлдөрүбү, жол куруучубу, айтор, ким болбосун тоннелден өтүү үчүн акча төлөшү керек. Бул талап кымыз ичкени бараткан же тойго бараткан, айтор, бардык жарандарга тиешелүү. Бирок ар кандай себептер менен акча бербей өтүп кеткендер көп экенин билем. Жеңил унаалар 50 сомдон, жүк ташыгандар 70 сомдон беришет. Эми бул шлагбаумдар орнотулса акча автоматка салынгандан кийин гана ачыла турган систем менен иштейт", - деди Калилов.

Ал белгилегендей, мындай системди ишке ашыруу идеясы ага 2007-жылы келген. Бирок буга каршы болгондор көп болуп, жүзөгө ашпай калган.

"Бул тууралуу өкмөт башчыга билдирдим, ал колдоду. Буга чейин бул көзөмөл бекеттеринде иштөөгө кызыкдар адамдар да көп эле. Ар кайсы инстанциялардан чалышып жакындарын же өздөрүн ошол жерге ишке орноштурууну суранышат. Болгону алардын айлыгы 4,5 миң сом. Демек, айлыктан тышкары да акча табышат. Акча төлөөнү автоматташтыруу менен, биз бул көрүнүштү такыр жоёбуз", - деп кошумчалады министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.04.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туннелге жакын жерге кылбай эле Сосновкага экөөнү бирге кылыш крк кышында пробка болуп машиналар таят
20.04.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура экообу бир жерде болгон жакшы.женил унааларга 100сом жук ташуучу унааларга 150кылыш керек деп,белгилуу бир убакытка чейин, себеби жолдор бузулуп кетти ремонтуна бир аз болсода жардам болоор беле деген ойдо.бул жеке менин оюм.
20.04.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bek.94,300сом кылса да болот, бирок жолду ондоп тазалап турса болду. Жалабаттан Бишкеке бир жолу барып келип 5000минге ходовка ондоттум. Тоо ашууга чыгып тушкондогу жол таптакыр болбой калган.
21.04.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура болбосо,3000 сом алышып,300 сомдук чек жазып берип отурушат ошол жерде жегичтер.Москвадан камаз айдап келгенбиз,транзиттик номер деп 3миң төлөйсүңөр деп төлөткөн,түндө чегине да көңүл бурбаптырмын,Ошко барып карасам 300 сом деп турат.
21.04.2017. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шлагбаум кылсын,акча толой турган болсо деле мейли,бирок ошол акчалар кайра жолду ондоого сарпталсынчы,болбосо копчулук учурларда кайсы бир чиновниктин сол чонтогуно кетип калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: