super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутаттын "МАИни Патрулдук милиция деп өзгөрткөндөн жыйынтык болбой жатат" дегенине ИИМ жооп берди

 

Депутат Акылбек Жамангуловдун "МАИни Патрулдук милиция деп өзгөрткөндөн жыйынтык болбой жатат" дегенине Ички иштер министрлиги жооп берди. ИИМдин басма сөз кызматы 20-апрелде тараткан билдирүүдө Патрулдук милицияны түзүү үчүн 40 миллион сом бөлүнгөнү айтылат.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы токтомуна ылайык, ИИМдин жол кайгуул жана кайгуул күзөт кызматтары биригип, Патрулдук милиция Башкы башкармалыгы болуп кайрадан түзүлгөн.

2015-жылдын 21-декабрындагы Өкмөттүн буйругу менен бекитилген иш-мерчемде, Патрулдук милициянын баскыч-баскычы менен материалдык-техникалык базасын чыңдап, толук ишке киришине 522 миллион 539 сом акча каражаты каралган. Бирок бул акчанын бир тыйыны дагы бөлүнгөн эмес. Кийин жогорудагы сумманын 40 миллион сому унаа сатып алууга берилген.

Жаӊы түзүлгөн Башкы башкармалыктын өздүк курамы негизинен мурдагы материалдык-техникалык базасынын мүмкүнчүлүгү менен укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзам чегинде белгиленген милдеттерди аткарууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, бүгүн, 20-апрелде парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Патрулдук милицияны реформалоо үчүн 513 миллион сом сарпталып, бирок эч кандай өзгөрүү болгон эмес, жыйынтык болбой жатат. Патрулдук милиция жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзбөй келишүүдө", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.04.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында шакарап болуп жатып калды.Законду билсе билбесе жолго ала таяк көтөрүп чыгып тосо калгандар көбөйдү.
МАИни бөлүш керек ошондо кичине иретке келет деп мен ойлойм.
Кээде жолдо көрүп калам охрананын балдары да жолдо машина тосуп турганын.
Кыскасы баш аламан болуп кетти.
20.04.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туптуура айттын тууган мендагы ошогу айткым келди эле тосуп алып эмнеге токтотконун озу билбейт кече мени токтотту отурсам басып келген жок бираздан кийин келип шефке жолугуп койунуз дейт анысы машынадан тушпой чалкалайт эмне причина десем проверка деп койот жон эле ушундай бир соккум келди тигисин чакыртсам анысы басып келип эмне скорость катуу дейт эч нерсе айтпай айдап кетип калдым тигисси тушундурдуго чамасы анткени скорость 40та келип жаткам менде антирадар бар болчу ошол учун ичим куйот
20.04.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Правиланы бузбасан тозбойт жон эле токтотконун коро элекмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: