super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сулайман-Тоонун айланасындагы корукка алынган жерлер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

 

Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы Сулайман-Тоодогу корукка алынган аймакка мыйзамсыз үй курган тургунга бир айдын ичинде үйдү бузуу, жерди калыбына келтирүү боюнча акт түздү. Башкармалыктан маалымдалгандай, тоонун айланасында жашаган тургундар өзү билемдик менен үй салып отурукташып, короо тегерегин өз алдынча тосуп алууга көнүшкөн.

Алардын бири Мастура Мырзахалилова Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндөгү Сулайман-Тоонун коругундагы үйлөрдүн биринде жашайт. 30-40 жылдан бери отурукташкан айым 3 келини жана кайнагасы, анын үй-бүлөлүү балдарын кошкондо жалпы 7 үй-бүлө бул кичинекей турактын ар бир бөлмөлөрүндө бөлүнүп жашап жатканын айтат.

"Мен корукка алынган жай экендигин билбей эле үй салып алгам. Балдарым көп, жашоо кыйын, жер алайын десем кымбат. Балдарым 25-26га чыгып калды. Аларды үйлөнтүп бул жаңы үйгө көчүрөйүн дегем. Эми бузсаңар буза бергиле", - дейт Мырзахалилова.

Мындан тышкары шаардык архитекторлор тоонун айланасындагы адам басууга ылайыкталган жолго чейин тосмо курган жарандарга да эскертүү беришти.

"Биз 3-4 метрден жол тарапка чыгып кетиптирбиз коңшулар менен бирге. Азыр мен өзүм архитекторлор көргөзгөн жерге чейин жерди өз каалоом менен бошоттум. Кошуналарым да акырындап ашыкча жерлерин бошотуп жатышат", - дейт жашоочу Абдурасул Карабаев.

Архитекторлордун маалыматына ылайык, Сулайман-Тоонун 137 гектар жер аянты ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине 2009-жылы кирип, корукка алынган. Ал жерди эч ким менчиктештирүүгө жана курулуш курууга укугу жок. Негизи тоонун айланасында 500дөн ашуун курулуш бар. Алардын мыйзамдуулугун өткөн жылы атайын түзүлгөн коммиссиялык топ карап, өз билемдик менен турак жай куруп, тротуарга ылайыкталган жерлерди тосуп алган адамдар менен иш алып барган. Натыйжада 4 иш сотко өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.04.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулайман тоонун алдындагы кепелерди алгыла жаман корунот улаштырып сала беришкен
21.04.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бардыгы озбектердин уйу ХХХ окшош
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-22 02:31:36
22.04.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут баары ХХХ уйу. Баарын бузуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-22 12:24:12
22.04.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TGA, kudaiberdieva98, улут аралык талаш-тартыш жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-22 13:24:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: