Базар-Коргон районунда көчкү алдында калган 4 адамдын экөө каза болуп, экөөнүн абалы оор
Базар-Коргон районунда көчкү алдында калган 4 адамдын экөө каза болуп, экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Базар-Коргон районундагы Хаят айылына суу түтүкчөсүн оңдогону барган сегиз адамдын төртөөсүн көлөмү 300 метр куб жер көчкү басып калган.
"Жергиликтүү тургундар тарабынан 4 адам көчкү алдынан чыгарылган. Бири ошол жерде каза болгон. Ал эми дагы бири ооруканага бараткан жолдо жан берген. 2 адам болсо оор абалда ооруканага жеткирилген. Аталган көчкү боюнча 10 күн мурда эскертүү берилген. Учурда көчкү басып калуу коркунучунда турган 7 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















карапайым ел 2017 жылы 4 Айдын ичинде кырылып калдыго
елди ойлосонор болор чонтогунорду ойлобостон