super.kg logo
  Спорт  

"Эль-Классико": "Реал Мадрид" өз үйүндө "Барселонага" утулуп калды

 

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 33-турунда мадриддик "Реал" өз үйүндө "Барселонаны" кабыл алып, 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Биринчи голду оюндун 28-мүнөтүндө "Реал Мадриддин" жарым коргоочусу Каземиро киргизди. 5 мүнөттөн кийин каталониялык клубдун лидери Леонель Месси эсепти теңеди. Ошентип 1-тайм 1:1 эсеп менен аяктады. Оюндун кызыгы 2-таймдын экинчи бөлүгүндө болду. 73-мүнөттө "Барселонанын" футболчусу Иван Ракитич гол киргизип, командасын алдыга чыгарды. 77-мүнөттө "Реал" азчылыкта калды: Мессиге каршы орой оюн алып барганы үчүн коргоочу Серхио Рамоско кызыл айып кагаз көрсөтүлдү. Буга карабастан 85-мүнөттө мадриддик клуб оюн эсебин теңей алды: голдун автору Хамес Родригес болду. Ал эми оюндун акыркы мүнөтүндө Месси киргизген гол чечүүчү болду. Оюн 2:3 эсеп менен аяктап, "Барселона" "Реал Мадридди" жеңди. Ошентип "Барселона" 75 упай топтоп, чемпиондукта 1-орунга көтөрүлдү. Бирок "Реалда" 1 оюн запаста бар.

Айта кетсек, Испания чемпиондугу 38 турдан турат.






Эль Классико: Реал Мадрид - Барселона (24.04.2017)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(55)
24.04.2017. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ураа ураа Реалды кактык. Реалчылар капа болбогула. Бирде жигит тоо минет бирде жигит жооо журот. ха ха Реал
24.04.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Месси Рондон кучтуу экенин корсотту Неймар болгондо дагы башкача счёт болот беле
24.04.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kojosh80, Бир оюнда жеңсе эле күчтүү болуп калабы? Топ деген тоголок бирде жеңилет бирде жеңет.Экөөсүнүн тең артыкчылык жактары бар. Реалда дагы бир оюн запаста бар. Барсмандарды куттуктайм!!!
24.04.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болуп турат реал сен киргизбесен ал киргизет гоол футболдун мыйзамында бар эчтеке эмес кийинки ойунга ийгилик барибир сени колдойбуз
24.04.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Базар жоок барса
24.04.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Барсанын бул сезондогу оюндары, өтө кызык болду, баары финалга татыктуу
24.04.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээми не дейсинер Реалчылар бул Баарса Бавария эмес.уйунордо кагып таштадыгоо.Мессини уруп тееп дагы токтото алышбадыгоо.Барса женип келген реал жениле берет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: