super.kg logo

Өзгөндөгү кырсык: Саат 18:00гө карата акыркы маалыматтар

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 18:00гө карата жер көчкү жүргөн жерде аткарылып жаткан иштер боюнча акыркы маалыматтарды берди.

Азыркы тапта, кооптуу жерде жашап жаткан 40 турак үйдүн жашоочуларына 5 орундуу 30 чатыр куткаруучулар тарабынан коопсуз аймакка тигилүүдө.

Жалпы издөө-куткаруу иштерине тартылган күч каражаттар:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 180 куткаруучу;

- Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынан 100 жоокер;

- Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер;

- Райондук медицина бөлүмүнөн 15 кызматкер;

- Райондук архитектурадан 12 кызматкер;

- Жергиликтүү тургундардан 40 адам;

- Райондук электр тармактарынан 5 адам;

- Райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 экскаватор тартылган.

Андан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү элдерден жалпысы болуп 222 адам, 2 атайын техника издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондо жалпы 402 адам жана 2 инженердик техника издөө иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 06:40 чамасында Өзгөн районунун Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кырсык болгон айылдын тургундарына жер көчкү боюнча эскертүү берилгенин айтышууда. Бирок ага далилдерди келтиришкен жок.






Өзгөндөгү жер көчкүнүн бийиктиктен көрүнүшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.04.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тоо кыядан ашкан сон --::ОО дегенин курусун дечу беле???
29.04.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бир да жан табыла элекпи куну кечке???издоо он болбой жаткан го..
29.04.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын эле да, Кудайым сабыр, күч -кубат берсин баарына.
29.04.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коопсуз жайга кочкуло деп эскерткенден кийин булар каяка кочобуз коопсуз жайдан жер бербесе деп кочбойтта
29.04.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015, Ссуда болунуптур ага булар кошумча уй салышыптыр
Эскертту берилгенден сон аракет кылыш керекда
29.04.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эх табигаттын айттырбай келген кырсыгы да качып кайда барабыз ажал келсе бирок окмот кучко салып эле кочуруп жиберсе болмок эскертуу бергенбиз деп эле тим болбой
29.04.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч Ким алдыда эмне болоорун билбейт турбайбы Арман кун....Кыргызстанда кырсык артынан кырсык...Кайрат кылыныздар
29.04.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чатырларды коопсуз жайга тиктиңерби, силерге ишенич жок эле
29.04.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге да эскертуу беришиптир. Бирок, суда эмес бул жерге кочкуло деп жер деле беришпептир...
29.04.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх Озгонум... Кайрат кыл!
30.04.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай секин издесе адамдар аз болсо качан бул жердин барын тазалап бутушот канчалык чон кочку болгонун карасанар 1 жумада дагы бутпойт мындай аз техника аз адамдар м.н издесе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: