Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусияда өткөн мелдеште жеңүүчү аталып, чемпиондук курга ээ болду
Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук куруна ээ болду. Мушкер 2-майда Орусиянын Екатеринбург шаарында профессионалдык бокс боюнча өткөн Extra Round 2 деген аталыштагы мелдешке катышты.
59 килограмм салмакта рингге чыккан мекендешибиз Денис Лашинге каршы турду. 8 раунддук тирештин жыйынтыгында упай катыштыгында Акжол жеңип чыкты.
Карьерасындагы алгачкы чемпиондук курду тагынган мушкер ушуну менен 7 беттеште катары менен жеңүүчү аталып отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Баткен озунон болбосо да Акжол тууган мага!