Бишкекте 350 гектар аянтка отургузулган бак-дарактарга биологиялык дарылоо жүргүзүлдү
11-12-май күндөрү Бишкекте 350 гектар аянтка отургузулган бак-дарактарга биологиялык дарылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү иштери кызуу жүрүп жатат жана ушул айдын аягына чейин бүтмөкчү. Бул иштер “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан, Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын катышуусунда жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, Бишкекте бак-дарактар отургузулган аянттын жалпы көлөмү 4 миң 860 гектарды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















