Курманбек Осмонов "премьер-министр мыйзамга каршы келген аракеттерди жасоодо" дейт
"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мыйзамга каршы келген аракеттерди жасоодо". Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында депутат Курманбек Осмонов (сүрөттө) айтты. Эл өкүлү билдиргендей, премьер-министр кызматтык абалын пайдаланып жатат деген ойдо. "Өзүнүн аппаратында иштегендерден баштап, акимдерге чейин өзү жумуштан кетирип жатат. Бул мыйзамга каршы келет. Премьер-министр болгону менен мыйзамдын чегинде иш жүргүзүшү кажет",- дейт Осмонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















