super.kg logo

Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп, турак жайларды суу каптады

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп, турак жайларды каптады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү кечки саат 19:40тар чамасында Айдаркен шаарында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Селдин суусу арыктарга батпай, жолдорго чыгып, натыйжада 11 турак жайдын жана 17 короонун ичине суу кирген. Ошондой эле 5100 метр аралыкта ички чарбалык жолдорду жана 3200 метр аралыкта ички чарбалык арыктарды басып, 5 даана электр мамычасын, 1 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыркагандар жок. Учурда шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






Кадамжайда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.05.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо кудай сактай кор элимди жеримди айтырбай келген кырсыктардан
16.05.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, неге башты айлантып тушунуксуз тартышат, шашпай качпай эле тура?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: