Ошто кафенин кызматкери ашпозчуну бычактап салган
Ош шаарында иштен айдалган кафенин кызматкери аталган кафенин ашпозчусун бычактап салганын ИИМ билдирди. 7-майда милицияга 38 жаштагы бир адамдын бычактан оор жаракат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя саат 19:00дө болуп, жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң ыкчам иликтөө иштери жүрүп, окуяга күнөөлүү деп шектелип Кара-Кулжа районунун 71 жаштагы тургуну кармалды. Ал аталган кафеде пол жуугуч болуп иштеген. Ал "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталууда. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















