Бүгүн волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда Кыргыз-Казакстан беттеши орун алат
Бүгүн, 28-майда Бишкекте волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда чечүүчү беттеш орун алат.
Анда Кыргыз волейболчулары казак спортчулары менен кез келет.
Белгилей кетсек, 1-турдук оюндарда Кыргыз Пакистанга 2:3 эсебинде жеңилсе, казактар Пакистанды 3:2 эсебинде уткан.
Бүгүнкү оюндун жыйынтыгы менен кийинки этапка чыга турган команда билинет.
Кыргыз волейболчулары кийинки баскычка чыгуу үчүн партиялар эсебинде 3:0 же 3:1 менен жеңүүсү керек.
Оюн саат 19:00дө, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо клубунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Алга Кыргыз ! Манас атабыз колдосун!