Дүйшөнбек Зилалиев: "2018-2020-жылдары электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлөт"
2018-2020-жылдары электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
“Кыргыз мамлекетинде электр энергиясынын наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан, “социалдык тариф” деп айтсак болот. Ошондуктан анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет”, - деди ал.
Жыйында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу каралды. Комитет аталган долбоорлорду жактырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















нефть коп чыккан маммлекттерде бензин газ арзанго.
Бизде бар жок бар , дагыле кымбаттайт...