Жогорку Кеңеште тамеки продукцияларынын чекене баасын жогорулатуу сунушталды
Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда тамеки продукцияларынын чекене баасын жогорулатуу каралды.
КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина эң арзан тамекинин бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл экенин билдирди. Ошондой эле эл өкүлү кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигин айтты.
Комитетте аталган маселе боюнча өкмөткө тапшырма берүү жөнүндө демилге жактырылды. Комитеттин мүчөсү Рыскелди Момбеков “каршы” деп добуш берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















