super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 30-МАЙ: 95 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов төрөлгөн

 
Мындан 95 жыл мурун, 1922-жылы 30-майда генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо эсепчи, жети жылдык мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1941-жылдын ноябрынан баштап советтик армиянын катарына чакырылып, 1942-жылдын январь айынан тартып Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Степной, 2-украиналык фронттордо командир катары немистик фашисттер менен салгылашкан. 1943-жылдын март айында замбиреги менен өз багытындагы душмандын танк менен койгон чабуулунун мизин кайтарып, ушул эрдиги үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам алган. Согуштан кийин Ульяновскиден Биринчи Гвардиялык танк окуу жайын, Согуштук-саясий академиясын бүтүргөн. Танк взводунун, танк ротасынын командири, полктун командиринин саясий жактан орун басары, Токмок шаардык жана Чүй райондук бириккен жана Фрунзе шаарынын Ленин райондук согуш комиссары, согуштук мектеп-интернаттын директору болуп иштеген.
2001-жылдын январынан баштап Бишкек шаардык согуш ардагерлеринин төрагасы болгон. "Ленин", "Ардак Белгиси", III даражадагы "Манас" ордендери жана көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда каза болгон.

30-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: