super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 30-МАЙ: 586 жыл мурун Франциянын улуттук баатыры Жанна д’Арк өрттөлгөн

 
Мындан 586 жыл мурун, 1431-жылы 30-майда Франциянын Руан шаарында Жанна д’Арк өрттөлгөн. Францияда жүз жылдык согуш жүрүп жаткан убакта Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу - ыйык милдетим” деп айтып чыгат. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат. Бирок кайтарымы жок падыша өлкөсү үчүн көп эрдиктерге барган баатыр кызды сатып кетет. Өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткундалып, чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлгөн.
30-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: