super.kg logo

Орусиянын Москва өрөөнүндө катуу шамалдан 13 адам каза тапты

 

Орусиянын Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында 29-майда жүргөн катуу шамал 13 адамдын өмүрүн алып кетти деп жазат ТАСС басылмасы. Акыркы маалыматтар боюнча 140ка жакын адам табият кырсыгынан жабыр тарткан. Борбор калаанын мэри Сергей Собянин Москванын жаңы тарыхында буга чейин мындай табият кырсыгынан масштабдуу жоготуу болбогонун айтат. Ал эми синоптиктер тургундарга аба ырайындагы мындай кубулуш кайрадан кайталанышы мүмкүн экенин билдирди.

Эксперттик кызматтардын маалыматында алгач 11 адам катуу шамалдан келип чыккан ар кандай кырсыктардан каза болгондугун белгилеп, бул болжолдуу цифра деп билдирген. 137 адам медициналык "Тез жардам" кызматына муктаж болгон. Кырсыктардын сүрөттөлүшү ар башка, мисалы, Кировоградск көчөсүндөгү аялдама шамалга туруштук бере албай, 1 адамды басып калып, ал натыйжада жан берген. "Шамал катуулап баштаганда 1 аял жана киши аялдаманын далдоосуна корунушкан. Аңгыча катуу шамал аялдаманы жыгып, киши качууга үлгүрбөй алдында калды", - деп белгилешет күбөлөр. Ал эми башка каза тапкан адамдардын өлүмүнө бак басып калуу, түрдүү металлдардын бөлүктөрү басып калган ар кандай кырсыктар себеп болгон. 11 өлүм 13 адамга жеткенин Москва облусундагы жоготуулар толуктайт. Тилекке каршы, алардын арасында 11 жашар кыз бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Москва боюнча 3,5 миң бак-дарак катуу шамалдан улам кулап калган. 35 миңге жакын шаардык кызматкерлер жана 4,5 миң даана техника шаардагы абалды турукташтыруу иштеринин үстүндө иш алып барышууда. Алар авариялык абалдагы ток өткөрүүчү чубалгыларды, жарыгы өчкөн аймактарды калыбына келтирүү, кулаган бактардан шаар ичин тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.






Москвадагы катуу шамал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
30.05.2017. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Кырсык каш кабактын ортосунда" деп бекер айтылбаган. Калгандары аман болушсун.
30.05.2017. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ооба мен кордум кандай болгонун. Кудайым сактасын. Курулай дооматтан. Бей ажал олумдон. Айтылбай келген кырсыктан баарыбызды Кудайым озу сактасын.
30.05.2017. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kattuu shamal boldu chynynda..
30.05.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах озун сакта элимди.
Бузулган ,жарылгандардызынакорлордун айынан жер да чыдабай калды корунот.
Кырсык тез-тез болуп жатат.
30.05.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай каттуу болду мен тогузунчу этажда жашайм бактарды жулуп кетти карап отуруп корктум
30.05.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Заматта эле башталып кетти го, эстеп коркуп кеттим.
Мени машина тосуп калып, мага бутактары тийди.Шок абалда болуп ооруну сезбеген элем,бугун он жак капталым ооруп чыкты.

Тамыры менен эле оодарып салды, шамалдын кучуно дале тан калып бутпойм.
kalima88 түзөттү 2017-05-30 11:21:51
30.05.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Квартирабызда эшике чыкпай иштегендер бар эле дарактарды бутаган окшойт деп келдиго кечинде.
30.05.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жамгыр жаап атат окшойт деп эшике маани бербей эле жүргөн элем. Жумуштан чыксам дарактарды сындырып, гараждарды аңтарып коюптур. Түшүнбөй эле калдым эмне болгонун.
30.05.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун эртен да жамгыр дейт Москвада кун ысый элек ар эки кундо эле жамгыр жаап Кыргызстандагылар менен суйлошсок кун аябай ысып жатат дейт жонотуп жибергилечи бул жакка да))
30.05.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдон чыкпаганга мынчалык болгонун билбептирбиз. Кудай сактасын...
30.05.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду мен да көчөдөн үйгө кайттым эле,куюн болуп эле чанды асманга сапырып көз ачылбай көзгө кум кирип аран качып келдим кулап аткан дарактардан этияттап шамал бастырбай аркага жылдыра коёт.
30.05.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын кече каттуу шамал болду Сыртка чыксам овещи саткандардын палаткаларын учуруп антарып алмаларын чачып салыптыр!!
30.05.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментти окусам баарын эле москвадасынарго кыргызстанда адам калдыбы теги. Кырсыктардан Аллахым сактасын !
30.05.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойтобоо. москоодо журуп ушундай катуу шамал болгонун билбептирмин. эмнеге бизди эрте кетирди жумуштан деп танкалып коем,корсо себеби ушул окуя окшойт.
31.05.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай көр, ата-эне,балдарыбыздын алдына аман-эсен жетели!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: