super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда өнөктөштөрдүн жардамдары керек деди

 

Кыргыз өлкөсүн "Таза Коом" долбоору менен таза жана ачык коом куруу, позитивдүү чөйрөдө өнүгүү боюнча пландары байланыштырат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда "Таза коом". Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү" аталышында өткөн эл аралык конференцияда билдирди.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен азыркы учурда өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиясы иштелүүдө жана буга байланыштуу алдыдагы чакырыктарга даяр болууга тийишпиз. Мен ийгиликтин негизги үч башкы элементин көрүп турам. Бул башкаруунун жаңы модели, жаңы технологиялар жана адамдык потенциалды өнүктүрүү. "Таза коом" долбоору өз ичине аталган үч катмарды камтыйт жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир нече негизги жолдору бүгүнкү Форумдун өткөрүү логикасында чагылдырылууда", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле өкмөт башчы "Таза Коом" долбоорунун даярдыгына жана мындан ары ишке ашырууну өнүктүрүү багытында өнөктөштөр керектигин кошумчалады.

"Өлкөгө дүйнөлүк тажрыйбаны жана жаңы технологияларды алып келүү үчүн бизге өнүгүү идеялары, инвестиция жана техникалык колдоо керек. Мен долбоорго бардык зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө жана аны ишке ашырууга өкмөттүн кызыкчылыгы бар экенине ишендиргим келет", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: