Элчилик: "Москвада катуу шамалдан каза тапкандардын арасында Кыргыз жарандары жок"
Орусиянын Москва шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен каза болгондордун катарында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Катуу шамалдан жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги элчилик тарабынан такталууда. Орусиялык расмий кызматтардын берген алдын ала маалыматтары боюнча жалпы тизме бар. Бирок азырынча паспорт боюнча жарандыктары тактала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 29-майда Орусиянын Москва шаарында катуу шамал жүрүп, бактар кулап, 140ка жакын адам жабыркап, 13 кишинин өмүрүн алганы айтылган. Бүгүн дагы бир адамдын каза болгону белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Samina007
30.05.2017. 14:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаратканыбыз өзү колдосун Кыргыз журтуму.жаратылыш кырсык дегенде эле иий кыргыз байкушум бар бекен же жок бекен деп калучу болдум.жаратканым өзүң кечире көр
Samina007
30.05.2017. 14:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаратылыш кырсыгынан кыргыз эли жүрөк заада болуп деле калды кагылайын калың журтум менин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















