Бишкекте балдар жана чоңдор үчүн “Искусствонун сыйкыры же кош келиңиздер ата-энелер!” аттуу мастер-класс өтөт
18-майда саат 15:00дө Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде балдар жана чоңдор үчүн “Искусствонун сыйкыры же кош келиңиздер ата-энелер!” аттуу мастер-класс өтөт. Анда катышуучулар жаңы заманбап техникалардын жардамы менен жаныбарлардын сүрөтүн тартуу ыкмаларын үйрөнө алышат. Иш чара музейлердин эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында уюштурулуп, акысыз өтөт. Мастер-класста архитектор, дизайнер, сүрөтчү Ольга Дунганова окутуучулук кылып, жаныбарлардын, куштардын же адамдардын сөлөкөтүн тартууну көрсөтөт. Кошумчалай кетсек, мастер-класска катышуу үчүн 312 664 959 телефон номерине чалып жазылуу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















