super.kg logo

"Ак Кеме" мейманканасын курчоого алууда бир кызматкердин кан басымы жогорулап, "Тез жардам" алып кетти

 

Бүгүн, 22-июнда эртең мененки саат 07:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган "Ак Кеме" мейманканасы учурда дагы укук коргоо кызматкерлеринин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Эртең менен имараттын эшиктери ичинен бекитилүү болгондуктан милиция кызматкерлери эшиктерин сындырып, айнектерин талкалап киришкен. Ошол учурда мейманкананын күзөтчүлөрүнүн башчысы болуп иштеген Сражидин Ормонов аттуу кызматкерди "Тез жардам" кызматы алып кетти. Анын кан басымы жогорулап, жүрөк оорусу козголушу мүмкүн дешүүдө. Ал ооруканалардын бириндеги кардиология бөлүмүнө жеткирилгенин кесиптештери кабарлашты.
Сүймөнкул Орозобеков "Ак Кеме" мейманканасынын кызматкери:
"Эртең менен саат 07:00дө жумушка келсем милиция кызматкерлери курчап калыптыр. Мени киргизишкен жок. Саат 07:30дарда "Тез жардам" кызматынын унаасы келип короонун ичинен күзөт башчысы Сражидин байкени алып кетти. Ал өзү кан басымы жогору болчу. Эртең менен Маммүлк кызматы менен милиция келип күзөт башчы калып, башкаңар чыккыла дептир. Ошондо эле анын кан басымы көтөрүлүп, жүрөк оорусу кармап калыптыр. Ал азыр ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатат деп угуп жатабыз".

Атын атагысы келбеген "Ак Кеменин" кызматкери окуя тууралуу айтып берди: "Эртең менен саат 05:00дөн өткөндө милиция кызматкерлери келишкен. Короону сыртынан кайтарган күзөтчү аларга дарбазаны ачпай койгондо, милициялар короодон ашып өтүп дарбазаны өздөрү эле ачып кирип келишти. Мейманканада түнкү күзөттөгүлөр, официанттар, ашпозчулар болушкан. Көп сандагы милициялар короого бастырып киришкенде, күзөтчүлөр чочулап имараттын башкы эшигин да ичинен бекитип алышкан. Бирок ага карабай эле милиция эшикти талкалап ичкериге киришти. Биз мейманкананын жетекчилерине телефон чалып кабарладык. Кийин баарыбызды сыртка чыгарып салышты".






Милиция "Ак Кеменин" эшигин талкалап кирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.06.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Себеби эмне экен?
22.06.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibars, Акча дуйноо.
22.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик мулктун жетекчиси алмашкандан баштап, басып алуулар куч алды го..
22.06.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң туура кылат мам каттоодо жок болсо алыш керек.качанкыга чейин созулат андай ачыкка чыкпаган нерселер
22.06.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
цирктин алдындагы кытайларды дагы айдаш керек .местныйларгале асыла бербей .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: