super.kg logo

Венесуэланын Жогорку Сотунун имаратына тик учак менен чабуул коюлду

 

Венесуэланын борбору Каракас шаарында жайгашкан Жогорку Соттун имаратына тик учак менен чабуул коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, тик учактан соттун имаратына бир нече граната ыргытылып, бирок бири да жарылган эмес. Ошол учурда имаратта иш-чара өтүп жаткан, натыйжада ондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган. Андан сырткары ал тик учак Ички иштер министрлигинин имаратынын үстүнөн да учуп өткөнүн, учакты Венесуэланын мурдагы ИИМ министри Мигел Родригес Торрес башкарып жүргөнү айтылууда. Аны АКШнын чекисттери менен иштешет деген күнөө коюлууда.

Эскерте кетсек, Венесуэлада митингге чыккандар жана укук коргоо органдарынын кагылышуусу бир нече айдан бери уланууда. Натыйжада ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн адамдар жабыр тарткан.






Венесуэланын Жогорку Сотунун имаратына тик учак менен чабуул коюшту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: