Ала-Бука районунда окуучулар арасында массалык мушташ чыкты
16-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Сафид-Булаң аймагында район борборунан эс алууга келген мектеп окуучулары менен жергиликтүү мектеп окуучулары арасында массалык мушташ чыкты. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдиргендей, окуядан эки тараптан тең жабыркагандар болду. Бир окуучу денесинен алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча Ала-Бука РИИБи бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө. Мындай көрүнүшкө кайрадан жол бербөө үчүн райондо "Тартип" аттуу операция жүрүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-08-14

9:59
2025-08-14
16:59
2025-08-13

10:24
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.