super.kg logo

Текебаевдин ишиндеги күбө Илья Чёрный: "Мегакомду" орус ишкерине сатууга аракет болгонун билбейм"

 

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары Евразиялык экономикалык комиссиянын ички рыноктун иштеши департаментинин директору Илья Чёрный суралууда.

Ал "Мегаком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагалыгына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча айтты.

Эки фамилия бар болчу. Бири министрдин жардамчысы же кеңешчиси эле. Жогору жактан сунушталышкан. Бирок мен жетекчиге баш ийгендиктен ошондой эле маселе директорлор кеңеши тарабынан чечилгендиктен мен алар тууралуу эстей албайм", - деди.

Ал эми прокурордун Маевский жана Модин тууралуу суроосуна “Маевский менен Модинди тааныбайм. "Мегакомду" орус ишкерине сатууга аракет болгонун да билбейм” деп жооп берди.

Айта кетсек, Илья Чёрный Мамлекеттик мүлк фондунда адис, башкы адис, министрдин кеңешчиси болуп иштеген. Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фондунун стратегиялык маанидеги объектилерди менчиктештирүү боюнча бөлүм башчы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.07.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Черный молодец. Туурасын айт кудайдан карганбай
06.07.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан бутот бул сот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: