super.kg logo

Өмүрбек Текебаев ишин карап жаткан судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

 

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын жактоочулары судьянын мыйзамды одоно бузуп жатканын айтышып, ага ишеним көргөзбөө өтүнүчүн келтиришти.

Ал эми Өмүрбек Текебаев дагы сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, маркум Талант Маматкеримовдун аялы Жылдызкан Ташматованын күбө катары суракка алынышын сынга алды.

"Мен таң калып жатам. Жазык-процесстик кодекстин 60-беренесинде "күбө" деген жери бар. Анда "шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес" деп так жазылып турат. Эскертип, макул болсо сурала берсин деген жери жок да. Жазылып турса дагы жогору жакка барып арыздангыла деп жатасыңар. Мындайды мыйзамсыз чечим деп коёт, бул боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган", - деди Текебаев.

Сот тараптардын пикирин угуп, кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: