Кытайда жаш кыздын кийиминин ичинен 102 даана iPhone үлгүсүндөгү смартфон табылды
Гонконгдон Пекинге бара жаткан жаш кыз смартфон жана кымбат-баалуу кол сааттарды аткезчилик жолу менен алып өтүү аракетин көргөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, арыкчырай кыздын баскан-турганы көзгө жат көрүнгөндүктөн тартип сакчылары андан шек санап, сканерден өтүүнү суранышкан.
"Бул учурда кыз денесине 102 даана iPhone үлгүсүндөгү смартфон жана 15 даана кымбат-баалуу кол сааттарды таңып алганы аныкталган. Аткезчилик жол менен жүк алып өтүү аракетин жасаган бул кыз Кытайдын мыйзамы боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















"Биздикилер" болсо Гонконгдон Кыргызстанга машинелеп да эмес, самолеттоп ташып жатат го, болгондо да ар рейсинде 80-90 тоннадан 52 рейс!!! (53-рейс кулап калды). Ошондо 4мин тоннадан ашуун контрабандалык смартфон, планшеттер ташылыптыр, 4 000 000 кг!!! Ошондо биздин контрабандачыларга ар бирине 100 жылдан жаза берсе да аз го...