super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ИЮЛЬ: Ырчы Дима Биланды популярдуулукка жеткирген орусиялык продюсер Юрий Айзеншпис туулган

 
Юрий Айзеншпистин жаш кези
"Кино" тобунун музыканттары менен "Чёрный альбом" альбомунун бет ачарында.
"Динамит" тобу менен...
Шакирттеринин бири Влад Сташевский менен
Акыркы долбоору болгон Дима Билан менен

Юрий Шмильевич Айзеншпис 1945-жылы, 15-июлда Челябинскте жарык дүйнөгө келген. Эгер 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Айзеншпистин апасы Челябинскке эвакуацияланбаганда, ал Москвада төрөлүп калмак. Бирок Юрий акыры жүрүп Москвага кайтып келген. Тактап айтканда, мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы экономикалык-статистикалык институтка тапшырып, аны 1968-жылы аяктаган. Инженерлик кесипке ээ болуп чыккандыгына карабай, Айзеншпис музыка тармагында карьера күтүүнү тандаган. Ал маданият жаатындагы эмгегин 1965-жылы "Сокол" аттуу рок-группанын администратору болуудан баштаган. Жаш маданият кызматкеринин жасаган иш-аракеттери СССРдин ички иштер органдарынын көңүлүн бурдуруп, валюталык операцияларды мыйзамсыз жүргүзгөн деген айып менен 17 жылга эркинен ажыратылат.

1980-жылдардын аягында "Галерея" чыгармачылык бирикмесинде жаш аткаруучулардын катышуусунда концерттерди уюштуруп иштеп калат. 1988-1990-жылдар аралыгында Юрий легендарлуу "Кино" тобунун директору болуп эмгектенген. Ал алгачкылардан болуп пластинкаларды чыгаруу боюнча мамлекеттик монополияны бузуп, насыяга алган акчага "Чёрный альбом" пластинкасын чыгарган. Бул "Кинонун" акыркы альбому болгон. Мындан кийин ал аталган топ менен иштешүүнү токтотуп, "Технология" тобу менен андан кийин "Моральный кодекс" тобу менен иштеткен. Айзеншпис таптап чыккан ырчылардын катарында кийинки сапта Линда, Влад Сташевский жана башкалар турат.

Айзеншпис "Эң мыкты продюсер" деген наам менен "Овация" Орус улуттук музыкалык сыйлыгынын лауреаты болгон. 2001-жылдан тарта "Медиа-стар" компаниясынын генералдык директору болуп иштеген. Бирок өзү ушунча мезгил музыка дүйнөсүндө иштеп келип, музыкант болгон эмес. Анткен менен орус эстрадасында Айзеншпис "жылдыздарды" таптап чыгууда мыкты мастер болуп кала берди. Анын акыркы долбоору ырчы Дима Билан болгон. Юрий Айзеншпис 2005-жылы 20-сентябрда жүрөк оорусунан көз жумуп, "Домодедов" көрүстөнүнө коюлган. Анын өлүмүнөн кийин 2006-жылы Дима Билан ага арнап, "Я тебя помню" ырын жараткан.






Дима Билан "Я тебя помню"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: