Сүзүлгөн эки окуучунун ата-энелери айыпталуучуга тосмо арыз беришти, бирок сот аны канааттандырган жок





Бүгүн, 18-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда ушул жылдын 21-апрелинде 2 мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековдун иши боюнча соттук отурум болду. Соттук отурумда айыпталуучу Ажибековго жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришти. Жабырланган 2 баланын ата-энелери мындай кадамга баруусуна айыпталуучу тарап моралдык-материалдык чыгымдарды төлөп бергендиги себеп экендигин айтышты.
"Мен жабыркаган балдардын ата-энелеринен кечирим сурайм", - деди Ажибеков.
Жабырлануучу Эрбол Маматжакыповдун апасы "окуя болгон күнү мага таякем чалып айтты. Барсам уулум Эрбол "Тез жардамдын" ичинде экен. Учурда ден соолугу жакшы эмес. Түнкүсүн уктап жатканда чочуп ойгонот. Мурду сынганына байланыштуу көрүүсү начарлап кетти", - деп, келтирилген өтүнүчтү колдой турганын айтты. Сот жабырлануучулардын айыпкерге карата берген тосмо арызын канааттандыруусуз калтырарын, бирок ишке тиркеп, соттолуучунун үстүнөн ишти уланта берерин айтты.
Күбө катары Патрулдук милиция кызматкери Кубанычбек Жумадылов суралды:
"Бизге 21-апрелде командирибиз телефон чалып, Бакаев жана Алтымышев көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги тууралуу айтты. Барсак, жогоруда айтылган көчөлөрдүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтчү өтмөктө эки баланы белгисиз унаа сүзүп качып кетиптир. Балдарды "Тез жардамга" салып медициналык жардам көрсөтүп жатышыптыр. Жол тыгыны жаралгандыктан чогуу барган кызматкер экөөбүз жол кыймылын жөнгө салдык. Кийинчерээк Патрулдук милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери келишип иликтөө ишин баштады. Биз ал даректен кетип калдык".
Жабырлануучулардын жактоочусу "ошол окуя болгон күнү балдарды сүзгөн айдоочуну милиция кууп келаткан экен деген пикирлер айтылды эле, сиздер кууган жок белеңиздер?" деген суроо салды. Күбө "биз, кесиптешим Советбек Ажыбаев экөөбүз жол кырсыгына жакын аймакта, Лев Толстой көчөсүндө иштеп жатканбыз. Кырсык боюнча маалыматты угар замат Некрасов менен Ремесленная көчөсүнө чыгып, айтылган дарекке барганбыз. Кийин балдарды сүзүп качып кеткен айдоочуну милициялар кууган экен деген маалымат боюнча милициянын өздүк коопсуздук кызматы иликтөө ишин баштады. Азыркы күндө иликтөө аягына чыга элек, мен кызмат ордумда жумушумду улантып жатам" , - деп жооп берди.
Башка күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу тараптардын макулдугу менен келбеген күбөлөрдүн тергөөдө берген көрсөтмөлөрү окулду.
Мамлекеттик айыптоочу соттолуучудан "сиз окуя болгонго чейин спирт ичимдигин ичтиңиз беле?" - деп сурады.
"Менин 18-апрелде туулган күнүм болгондуктан жолдош балам менен арак, сыра ичкем. Ал күндөрү унаамды болочок өкүл балам айдап жүрдү. 21-апрелде "Ош базары" тарапка таанышымдан акча алууга шашып баратып, эки баланы сүзүп кеттим. Мен өзүмдү жоготуп токтобой кетип калып, эсиме келсем, Кудайберген базары тарапта жүрүптүрмүн. Кийин досумду чакырып дүкөндөн 1 бөтөлкө сыраны ичип алып милицияга өзүм келдим", - деди соттолуучу.
Анын жактоочусу "айыпталып жаткан Ажибеков "мен жол кырсыгы болгон маалда спирт ичимдигин ичкен эмесмин, кийин ичкем" деп жатат. Ошондуктан наркологиядан аны "спирт ичимдигин ичти" деп тыянак чыгарган кызматкерди чакырып, андан кайсы маалда ичкендигин сурайлы", - деген өтүнүчтү айтты.
Сот Алмазбек Жоошбеков өтүнүчтү канааттандырып, соттук ишти эртең, 19-июлда саат 14:00дө улантмай болду.
2 окуучуну сүзүп кеткен айдоочунун соттук иши








1 |