"Кыргызтелеком" жана "Кыргыз темир жолу" ишканалары салыкты аз төлөп жатканын вице-спикер Асия Сасыкбаева айтты
Вице-спикер Асия Сасыкбаева 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында "Кыргызтелеком" жана "Кыргыз темир жолу" ишканалары салыкты аз төлөп жаткандыгын айтты. Айтымында, башка мамлекеттерде бул сыяктуу ишканалар көп салык төлөйт. Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз темир жолу” ишканасы болгон аракеттерин жасап жатканын айтты. “Темир жолу бизде туңгуюк жолдо. Ал эми “Кыргызтелеком” ишканасында атаандаштык бар. Бул ишкананын ишин карап чыгуу керек”,- деди өкмөт башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















