Жаңы-Кыштак айылында Ак-Буура суусуна агып кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси Өзбекстандын чек арасынан табылды
Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Жаңы-Кыштак айылында кечээ, 24-июлда 12 жаштагы К.Л. аттуу өспүрүм бала Ак-Буура суусуна агып кетип, жансыз денеси Өзбек чек арачылары тарабынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Ал сууга чөмүлүп жатып, агып кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, табышкан эмес. Издөө иштери саат 19:30да убактылуу токтотулган. Саат 22:30 чамасында Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Худжообад районунун аймагынан өспүрүмдүн жансыз денеси Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - дешти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















