super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭЛДИК КАБАР: "Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын ортосуна үйүлгөн таштанды 1 айдан бери алынбай жатат" дейт окурман

 

Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын дал ортосунда топтолгон таштанды алынбай жатат. Бул абалды SUPER.KG'нин окурманы сүрөткө тартып WhatsApp аркылуу билдирди.

Окурмандын маалыматына ылайык, аталган базардагы таштандынын алынбай жатканына 1 айга жакындап калды. Ага жакын эле жерде мөмө-жемиштер сатылат. Таштандыга жашылча, тамак-аш баары ылганбай ыргытылгандыктан анын айланасына жагымсыз жыт келип турат.

"Тазалыктын сакталбагандыгынан улам чымын көбөйүүдө. Алар адамдарга ар кандай ооруларды жуктуруусу мүмкүн деп кооптонобуз", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.07.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат. Өзүңөр көрүнгөн жерге төккөн таштандыга өзүңөр кайф болуп жата бергиле!
30.07.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Е моё, эмне деген корунуш, базардын так ортосу ушундай таштандыга толуп жатса анда башка жагы кантти экен.
Ошол жерге таштанды таштоочу бункерлерди жайгаштыруу керек жана бир кундо жок дегенде 2 жолудан бошотуп туруу керек. Корунгон жерге таштанды таштагандарга штраф салып, административдик жоопко тартуу керек!
30.07.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз озубуз таза болушубуз керек биринчиден анан базардын базаркомдору да жакшы иштебейт коп жерлерде ушундай мусурлар качан онолобуз
01.08.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар кунуго акча жыйнайтда ошону тазалаш учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: