super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Той ырчысы" деген кимдер? Алар кандай ырларды аткарышат?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Той ырчылары деген кимдер?" аталышындагы тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун суроосу: "Бекер жүргөнчө ырчы болбойсуңбу" десе, "жок, анчалык бекерпоз эмесмин" деп куудулдар тамашалагандай чындыгында ырчыдан көп неме жок. Социалдык тармактарга кирсең ар бир экинчи колдонуучу ырчы. Таланты же таанышы бары деле, үнү бары-жогу деле ырчы болуп алышты. Кечээ жакында эле социалдык тармактарда бир ырчынын баракчасынан «мен той ырчысы эмесмин» деген билдирүүсүн окуп калып, анан суроо пайда болду. Той ырчысы деген кимдер? Кандай ырларды аткарышат? Той ырчысы, дагы кандай ырчы болуп бөлүнөт?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Билишимче, элге аты чыгып, таанылып калган "звездалар" жана элге анча таанымал эмес, тойдо гана ырдаган ырчылар бар. Алардын репетуарындагы ырлар "тойский, дыкс-дыкс" ырлардан турат жана көпчүлүгү фольклор, эстрада жанрында болот. Ал эми "серьёзный" ырчылар салмактуу, башкалардан айырмаланган стили менен өзгөчө багытта, манерада ырдашат. Той ырчыларына үндүн, диапазондун (үн кенендигинин) кереги жок деп ойлойм. Жогорудагы ырчы өзүн "укмуш" ырчымын дегени го".

"Той ырчылары фонограмма жазып алып эле эптеп ырдагандар. Алар жалаң гана "плюсовка" менен ырдашат. Ырлары да "тойский", 100 грамм ичип алгандарга жага турган, шалактап бийлей турган болсо болду. Бизде андайлар өтө эле көп. Биздин "звездалардын" да ырлары "тойский", "тойский эмес" деп бөлүнөт".

"Той ырчылары" дегенде анда кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү баары эле той ырчы болуп калабы? Ырчылардын негизги каражат булагы тойлор болуп жатпайбы. Менимче, эл тааныган "той ырчылары" жана көпчүлүккө тааныла бербеген профессионал, музыка менен акчаны аралаштырбаган, чыгармачылыкты туу туткан ырчылар бар. Тойдогуларды баары тааныйт, бирок жанагы опера-балеттин примасы десе, мисалы, мен тааныбайм".

"Азыр ырчылар өз ара да бөлүнүшөт экен. "Элиталар" жалаң гана расмий майрамда майданда, чоң-чоң иш-чараларда ырдаган вокалы "беш" болгон ырчылар. Анан кийинки сапта "той ырчылары". Алар тойго арнап ыр жаздырып, эптеп 10 мүнөт ырдап жок дегенде 200 доллар кагып кетмейлер. Аттарын атабасам да баарына белгилүү, аларды санасаң түгөнбөйт. Анан кийинкилер "гастролчулар". Бул тайпадагылар эптеп эл кыдырып, жер кыдырып өздөрүн таанытып, тажрыйба топтоо максаты барлар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.08.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той кылган адам кимди чакырса оз эрки,азыр тойго чыкпаган ырчы жок,тойго чакырылбаган ырчылар оздорун элитабыз тойго чыкпайбыз деп журушот.
02.08.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Съездбек Искеналиевдин "мына мынтип" деген ыры бир айда 5000$тапты дегенди окуп алып ырчы эле болуп албай деген ой тынчтык бербей жатат коптон бери
02.08.2017. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nyuwa,талант бар тааныш жокпу,же талант бар акча жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: