Пластикалык операциянын курмандыгы аталган 77 жаштагы "мышык аял" турмуш курууга камданууда
Пластикалык операцияга чейин жана кийин
Сүйүктүүсү Ллойд Клей менен
“Мышык аялга” окшошууну каалап, пластикалык операциянын курмандыгы болгон 77 жаштагы швейцариялык Жослин Вильденштейн турмуш курууга камданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, ага 50 жаштагы сүйүктүүсү Ллойд Клей үйлөнүү сунушун киргизип, учурда түгөйлөр аны өткөрүүгө даярдык көрүшүүдө. Азырынча тойдун так датасы аныктала элек.
Жослин үчүн бул экинчи никеси. Биринчи жолдошу миллиардер Алек Вильденштейн менен жүзүндөгү өзгөрүүлөрдүн себебинен ажырашып кетишкен. Тактап айтканда, жолдошу өзү алгачкылардан болуп жубайынын “мышык-аялга” окшошконун каалап, ага пластикалык операция жасатууну сунуштаган. Бирок операциянын жыйынтыгы ал күткөндөй болбой калгандыктан, ажырашууга арыз берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кудай бернен сулуулукту кескилешип,
Жооп берээр кун деле алыс эместир.