Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду
Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-августка караган түнү аталган райондун Беш-Бала айылынын Гагарин көчөсүндө болгон. Анда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа менен Хундай Кари үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Каза болгон жана жабыркаган адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканасына менчик унаалар менен жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Иииийй
Бала болчу. Бейишин берсин. Турк лицейде
Тарбиячы болуп иштеп журду эле(((
Бекжан