Чотонов сотто акыркы сөзүн айтты. Түштөн кийин Текебаевге акыркы сөз берилип, андан соң өкүм угузулат

Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов акыркы сөзүн кыска сүйлөдү.
“Чынында бул тарыхый окуя. Мен тарыхчымын. Биз, адамдар бүгүнкү күн менен жашап жатабыз. Адамдын табияты ошондой болот окшойт. Сиз азыр Текебаев менен кошо Кыргыз Республикасынын 25 жылдык тарыхын кошо соттоп жатасыз. Учуру келгенде Текебаевге эстелик коёсуздар, мен муну тарыхчы катары көрүп-билген адам катары айтып жатам. Сиз Текебаевге кандай чечим кабыл алсаңыз да, ошол чечим менен тарыхта каласыз. Ошондуктан жүрөгүңүз менен кеңешип, чечим кабыл алышыңызды сурайм”, - деди Чотонов.
Сот саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Бирок ошо эле дуйнолук практикада улут менен мамлекетке бирдей терминди аябай эле аз колдонушат. Кытай эле болбосо.Индия мамлекет, а эли индус, Россия орус ж.б Кыргызстан бул мамлекет а Кыргыз, мамлекеттин унгусун тузгон улут деп карашыбыз керек да. бул эки башка нерсе болуп жатпайбы жана буга бир созду колдонуу туура эмес сезилип жатат. эми суперге суроо; Ушундай олуттуу озгортууну киргизерден мурда атайын адистер менен кенештинер беле жана канчалык денгээлде мыйзамдуу эк
Бул "стилистикалык озгочулук" порталдын колдонуучулары тарабынан колдоого ээ болбогунун озунор деле сезип жатсанар керек. Эгерде Кыргыз жери деген терминди колдонсонор мындай талаш тартыш болмок эмес деп ойлойм. Ал эми Кыргыз деп бирок ошол эле убакта мамлекет деген маанини берип жатканынар одоно угулат экен. Бул жагдайды дагы терен караштырасынар деген умутумду билдиргим келет
Мисалы мен Атамбаев болсом уй булом бул бутундой КЫРГЫЗ эли. Мен уй буломду коргоймунбу же досумдубу??????????????????