super.kg logo

Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган сот Айбек Эрнис уулу эмгек өргүүсүнө кетүүдө

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин караган сот Айбек Эрнис уулу 21-августта эмгек өргүүсүнө чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 17-августта Биринчи Май райондук соттун канцеляриясынан кабарлашты.

Айта кетсек, кечээ, 16-август күнү Айбек Эрнис уулунун чечими менен Текебаев жана Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырган. Мындан сырткары абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.

Текебаев жана Чотонов чечим мыйзамсыз болгонун, сот бийликтин саясий буйругун аткарды деп айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(37)
17.08.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Кыскасы текебаевтин карьерасы бутуптурда
17.08.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Саясий буйрук болду. Мына логика : бир орус алыстан туруп эле, эч бир далили жок 1млн$ алды деп врфз жазып салды. Аны далилдебей туруп камап салды. Текебаев 8 жыл камалбай, 1 млн$ берем демек да.
Садыр Жапаров да камалды. Кыргыздын чыгаан уулдарын СССР учурунда орустар сүргүнгө айдап , же атууга өкүм кылып жок кылып келген. Эми болсо өзүбүздү өзүбүз жеп жатабыз. Бул сот байкуш эми чынында каргышка калды. Намыстуу сот болсо, саясий буйруктан алыс болуп жумуштан кетмек.
17.08.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Rifle_I,туура айтасын. Эми акчаны алды иштен чыгып чет мамлекетке качат айбек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: