Ош - Бишкек унаа жолундагы "Төө-Ашуу" тоннелине электр жарыгы берилди
Ош - Бишкек унаа жолундагы "Төө-Ашуу"
тоннелине жана Суусамыр өрөөнүнө 22-майда электр жарыгы берилди. Бул тууралуу “Түндүк
электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, 20-май күнү
саат 15:40 чамасында “Төө-Ашуу” капчыгайынан таш кулап, ал жогорку чыңалуудагы
“Сосновка - Төө-Ашуу” электр чубалгысын үзүп кеткен. Мунун кесепетинен Суусамыр
өрөөнү, ошондой эле ашуудагы аталган тоннель электр жарыгысыз калган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















