super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭЛДИК КАБАР: "Мектептердеги китептин жетишсиздиги ата-энелердин капчыгын "кагып" жатат" дешет окурмандар

 

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Бел-Орук айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы орто мектепте китептер жетишсиз. Бул тууралуу SUPER.KG'нин окурманы "Элдик кабар" рубрикасына маалымдады.

"2 окуучуга бирден китеп берилди, китептер эскирип, тытылып кеткен. Окуу жылы аяктаганга чейин 2 окуучу 1 китепти кантип пайдаланат? Жетпеген китептерин сатып алып бергенге бардык эле ата-энеде акча жетиштүү эмес. Менин 3 балам бар, экөө мектепке барат, 1-класска барган балама бардык китептерди сатып алып бердик, 3-класста окуган балама мектептен алсак абал ушундай экен. Буга ким көзөмөл кылат?" - деп жазат окурман.

Ушундай эле көйгөй Кара-Суу районунда да курч экенин дагы бир окурман кабарлады.

"Премьер-министр Сапар Исаков жолго жакын жайгашкан мектептердеги коопсуздукту көрүү үчүн кыдырыптыр. Билим берүү мекемелериндеги эң маанилүү маселелердин бири - бул китептин жетишсиздиги экенин билдирейин дегем", - деп жазат окурман.

Анын билдирүүсүнө ылайык, райондогу Акташ айыл өкмөтүндөгү Токтомуса Алимбеков атындагы орто мектептин орус тилинде билим берген класстарындагы 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын китептерин сатып алууга аргасыз болушууда.

"Мектепте китеп жок болгондуктан базардан сатып алууга туура келет. Бир эле баланы китеп менен камсыздоого 1500 сомдон ашык акча коротулат, көп балалуулар үчүн кыйын эле болот. Базардагы китептер эмнеге мектептерге келбейт?" - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.09.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакиев китепти арендасын жойду еле бекер окуччу елек тамак берди окучуларга. Атамбаев куу туулку баарын тысызынан жайлап жатат. Светти кымбаттатды 700 кв ашса деп. Жаман ойлобргула бакиевди адамы деп мен проста салыштырдым екоону
06.09.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мындан дагы тытылып кеткен китептерди окуганбыз.Скотчтоп койсо жакшы эле болуп калчудай китеп экен.Эки окуучуга 1 китеп норма эле.Биздин убакта 25-30 окуучуга 5-6 эле китеп берилчу.Жашаган жагына карап камплект кылып берчу.
06.09.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ice87,Ал убак менен азыркы убакты салыштырып болбойт,биз азыр онуккон олкодо жашап жатабыз.
06.09.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ice87Сен кайсы заманда жашайсын.Азыр 1китепти 2окуучу заман эмес.Бай атана баары бир экен.Сен дагы ошолордун бири окшойсун.АША 100мектеп ачылат менин срогум буткучо авариялык акыбалда бир да мектеп калбайт деп ........ эле,мектеп эмес китепти бекер кыла албады.Эми потхалимчиликтин дагы чеги болуш керек да,жанагы кишидей балп эттирип дооруй бербей.
06.09.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде деле ошондой, өзбекче китеп чыгарганча кыргызчасын чыгарбайт беле. дагы кыргыз тилди өнүктүрөбүз деп коюшат.
07.09.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы мектеп деп мактанышат мугалимдер ошол китептерди козомолдобойт.начар китеп менен ким окуп чон женишке жетет биринчиден китеп жагын онуктурсо болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: