Орусиялык рэпер МiyaGi'нин бир жарым жаштагы уулу көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду

Белгилүү орусиялык рэпер Азамат Кудзаевдин (MiyaGi) бир жарым жаштагы уулу көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынын терезесинен кулап каза болгонун орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 7-сентябрда Москва шаарында болгон. Азамат Кудзаев үй-бүлөсү менен окуя болгон батирге 2 жума мурун көчүп келген. Кырсык болгон маалда үйдө Азаматтын жубайы жана кичинекей баласы гана болгон. Бала ойноп жатканда апасы эки-үч мүнөтккө аны кароосуз калтырып койгон. Ошол учурда наристе ачык турган терезеге чыгып, кулап түшкөн. Рэпер каргашалуу окуя болгон жерге бир сааттан соң келген. Күбөлөрдүн айтымында, бала жерге кулап түшөр замат эле жан берген.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы рэпер MiyaGi &Эндшпиль дуэти аркылуу популярдуулукка жеткен.
Miyagi, Эндшпиль Ft. Рем Дигга - I Got Love (Official video)


Эмнеси болсо да Аллах Таалам айттырбай келген кырсыктардан баарыбызды сактасын.