super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда Азимбек Бекназаров: "Текебаевдин "Мегакомго" тиешеси жок. Декретти мен чыгаргам. Андай болсо мени жоопкерчиликке тартышсын"

 

Бүгүнкү соттук отурумда Азимбек Бекназаров кайрадан көрсөтмө берип баштады.

Ал Текебаевдин кабинетин билбестигин, Текебаев менен жыйындарда же иш боюнча өзүнүн кеңсесинде гана жолугуп турганын айтты. Жактоочулар андан "Модиндин Текебаевдин кабинетин кайда экенин көрсөтүп берген видеосун көрдүңүз беле" деп сурашты. Ага Бекназаров "сот же башка иштерге байланыштуу өлкөдө колдонулган жана көрсөтүлгөн видеолорду көрбөйм. Биздеги видеолордун баары буюртма менен тартылып жасалат" деди.

Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, ал учурда "Альфа Телекомдун" 49 пайызына Өмүрбек Текебаевдин эч кандай тиешеси болгон эмес. "Текебаев менен Чотоновдун бул жерде кандай тиешеси бар? 49 пайыз акцияны улутташтыруу боюнча документтин баарын мен даярдап, декретти мен чыгаргам. Андай болсо мени жоопкерчиликке тартышсын. Анткени 2010-жылы Башкы прокуратура мага бекитилип турган", - деди ал.

Эскерте кетсек, Бекназаров буга чейинки 1-инстанцияда да көрсөтмө берген. Ошол эле көрсөтмө берген күнү интернетке анын Камчыбек Ташиев менен кафелердин биринде отуруп "сотто калп айтып койдум" деп сүйлөшкөндөрү боюнча аудиожазуу тарап кеткен. Бул окуя боюнча сотто калп көрсөтмө берген деген айып менен Бекназаровго кылмыш иши козголгону маалым болгон. Мындан улам Текебаев Бекназаровдун сотто берген көрсөтмөлөрүнүн чын-бышыгын аныктоо үчүн кайрадан сурак берүүсүн өтүнүп сотко кайрылган.

Сотто Бекназаров мурдагы берилген көрсөтмөлөрү калп эмес экенин айтты.

"Калп болсо бирөө айтпайбы, бул жерден калп айттың, мындай сөздү бурмалап айтып койдуң деп. Мени түн уйкудан ойготсоңор да чындыкты айтып көрсөтмөмдү кайталап берем. Жөн эле калп айтты деп кылмыш ишин ачып жатышат. Бул аудио монтаж. Ташиев менен акыркы 3 жылдан бери бет маңдай отуруп сүйлөшө элекмин. Жөн гана калп айттым деген сөзүмдү алып келип монтаждашкан".

Текебаев Бекназаровго сотто жалган көрсөтмө берген деп прокуратура козгогон иш боюнча өз оюн айтты. "Бекназаров тарыхый учурду айтып жатат. Тарыхтагы окуяны эч ким танбайт. Бул киши чындыкты айтып жатат. Калп айтты деп ага кылмыш ишин козгоо - бул комедия", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.09.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булдозер решеткага киргиси келип калыптыр.Суранычын аткарыш керек.
12.09.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комедия Копко улана турган болуп калды....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: