Бишкекте таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылды
Бишкекте таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат бүгүн саат 10:30 чамасында 102ге келип түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин кызматкерлери барышып, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүүлөр изделүүдө. Ымыркайдын качан төрөлгөнү жана эмнеден улам каза болгону такталууда", - деди Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Таштанды таштоочу жайларга камера орнотсо азаят беле ушундай кылмыштар же изин таптырбай кеткендер кармалат эле