super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Абдрахманов менен Модиндин менин иш бөлмөмдө жолугушуусу мүмкүн эмес"

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө Өмүрбек Абдрахмановду Модин менен беттештирген учур жана Модиндин Текебаевдин иш бөлмөсүндө кантип жолугушканын айтып, көрсөтүп берип жатканы тартылган видео көрсөтүлүүдө.

Видеону көрүп жаткан Текебаев Абдрахманов менен Модин анын иш бөлмөсүндө жолугушуусу мүмкүн эмес экенин айтты.

“Модин видеодо 2010-жылы 13-майда Текебаевдин иш бөлмөсүндө жолуктук, кийин Абдрахманов келди деп жатат. Ал эми Абдрахманов 13-майда АКШда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Анан кантип алар жолугушуусу мүмкүн?” - деди Текебаев.

Ал эми Текебаевдин жактоочусу Модиндин көрсөтмөсүндө дал келбөөчүлүктөр көп экенин кошумчалады.

“Модин өкмөт үйүнө борбордук эшиктен кирдик деп жатат. Ал учурда борбордук эшик жабык болгон. Андан сырткары Абдрахманов көрсөтмөсүндө "мен ошол учурда депутаттык топтун төрагасы элем" деп жатат. Ал 2010-жылы 12-майда төрага болуусу мүмкүн эмес. Анткени ал ошол жылы октябрда гана депутат болгон”, - деди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.09.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашанын иши каша сочиде соке женсин деп жалынып жаткандыр Путинге
14.09.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз коруно эле бурмалап атат бурмалап атат же бир майнап чыкпады
14.09.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бийлик жадатты...калпеле корсотмолорду уйуштурушу.Кудайдан корпой...
15.09.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев зынк! Озунуз айткандай Атамбаев женилди сизден!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: